Элчи Эрмек Өмүралиев Италиянын президенти Серджо Маттареллага Ишеним грамоталарын тапшырды
2026-жылдын 18-июнунда Римдеги Квиринал сарайында өткөн аземде Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрмек Өмүралиев Италиянын президенти Серджо Маттареллага Ишеним грамоталарын тапшырды.
Расмий аземден кийин Италиянын президенти Кыргызстандын Элчисин кабыл алды. Жолугушууда кыргыз-италиялык мамилелердин азыркы абалы жана өнүгүү келечеги талкууланды. Элчи Э.Өмүралиев Италиянын Президенти С.Маттареллага Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун жылуу саламын жана ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келүүгө чакыруусун жеткирди.
Италиянын президенти Элчини дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди андан ары чыңдоого колдоо көрсөтөөрүн билдирди. С.Жапаровго эң жакшы каалоолорун айтып, С.Маттарелла Кыргыз Республикасын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, Италиянын Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогдун оң динамикасын, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү белгилешип, “Борбордук Азия – Италия” форматындагы практикалык кызматташуунун маанилүүлүгүн тастыкташты.
