Кара-Сууда мал уурулукка шектүү кармалды
11 ноябрь

Кара-Сууда мал уурулукка шектүү кармалды

2025-жылдын 28-октябрь күнү Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу шаарынын 1984-жылы туулган А.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.

Анда 2025-жылдын 24-октябрынан 25-октябрга караган түнү Тельман айылындагы талаадан бир баш малын (бука) белгисиз адам уурдап кеткендигин билдирген.

Ушундай эле арыз менен 1967-жылы туулган Э.К. дагы арыз менен кайрылып, 24-октябрынан 25-октябрга караган түнү Тельман айылындагы талаадан бир баш малын (бука) белгисиз адам уурдап кеткендигин билдирген.

Бул фактылар каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Ош ОИИБдин жана Кара-Суу РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан жургүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2025-жылдын 8-ноябрь күнү кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган Э.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

2025-жылдын 10-ноябрь күнү Кара-Суу райондук сотунун тергөө судьясынын токтому менен шектүүнүн бөгөт коюу чарасы 2025-жылдын 31-декабрь күнүнө чейин үй камак түрү тандалды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.