Кырыз-тажик чек арасында майрамдык маданий иш-чаралар өтүүдө
Нооруз майрамын утурлап, кыргыз-тажик чек арасынын расмий ачылуусунун урматына, Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун чектешкен аймагында майрамдык иш-чаралар уланууда. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Майрамдык маданий иш-чараларга КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода баштаган чектеш район башчылары, жана жергиликтүү кыргыз-тажик элдери катышууда.
Облус башчылары кошуна жашаган кыргыз-тажик элин бул тарыхий күн менен куттуктап, алдыда эки элдин ынтымагын бекемдөө, ар тараптуу кызматташуусун жандантуу аракеттери көрүлөөрүн айтышты.
Бул күндүн урматына чек арада кыргыз-тажик элдеринин улуттук баалуулуктарын даңазалаган иш чаралар уюштурулду.
Сүмөлөк кайнап, улуттук тамак аш жана кол өнөрчүлүк көргөзмөлөр жайылды.
Жергиликтүү таланттардын улуттук ыр бийлери жаңырды.
Белгилей кетсек, бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы “Кайрагач” жана “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши жанданды. Аталган өткөрүү пункттары 2021-жылдын май айынан бери жабык турган.
