“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы темир жол тилкесинин айланасын тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча ири иш-чараларды жүргүзүүдө
22 август

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы темир жол тилкесинин айланасын тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча ири иш-чараларды жүргүзүүдө

Бишкекте темир жол тилкелери тиричилик жана курулуш таштандыларынан, куураган чөптөрдөн жана бадалдардан тазаланды. 40тан ашык унаа таштанды чогултулуп, чыгарылды. Темир жолдун эки жагы кум, шагылдар менен түздөлүп, инфраструктура көрктөндүрүлдү. Жаңы тосмолор орнотулуп, эскилери оңдолду. Имараттардын сырты жана тосмолор менен торлор сырдалды. Темир жол белгилери, стенддер, багыттоочу такталар жана жазуулар жаңыланып, орнотулду. Ошондой эле өрт коопсуздугун алдын алуу иштер жүргүзүлүүдө.

Бул иштерге «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери, ыктыярчылар, ошондой эле «Тазалык» жана «Бишкектеплосеть» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери активдүү катышышты.

Ички иштер министрлиги менен биргеликте темир жол тилкелеринде туруктуу жашаган жери жок адамдардын жүрүшүн алдын алуу боюнча коопсуздук жана профилактикалык иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Мындай иш аракеттер тынымсыз жүргүзүлүп келет.

Тазалоо жана көрктөндүрүү иш-чаралары Бишкек шаары менен гана чектелбестен, өлкөнүн башка аймактарындагы темир жол тилкелеринде да улантылууда.

Бул иш-чаралардын негизги максаты – тазалыкты жана тартипти сактоо, поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, Бишкектин өлкө борборуна жараша көрктүү көрүнүшүн камсыз кылуу болуп саналат.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишкананасы шаар тургундарына жана конокторуна көрктөндүрүү эрежелерин сактоого, таштандыларды атайын белгиленген жерлерге гана чыгарууга, темир жолдун боюнда өз алдынча таштаны ыргытпоого, темир жол тилкесинин жанында этият жана сак болууга чакырат.