МБКнын кинология бөлүмүнө атайын автоунаалар жана жабдуулар тапшырылды
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында 11-ноябрда Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кинологиялык бөлүмдөрүнүн муктаждыктары үчүн алты атайын автоунаа жана техникалык жабдуулар тапшырылды.
Иш-чара Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Өкмөттөр аралык комиссиянын 26-отурумунун алкагында өткөрүлдү.
Тапшыруу аземине Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.А. Салиев катышты.
Атайын конструкциядагы унаалар кызматтык издөөчү иттерди ташуу үчүн ылайыкташтырылган жана алардын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүшүн камсыз кылат. Унааларда вентиляциялык система, жаныбарларды жайгаштыруу үчүн өзүнчө изоляцияланган бөлүктөр, аларга тез жетүү мүмкүнчүлүгү жана жабдуулар менен инвентарларды ташууга керектүү орундар каралган.
Бул унааларды колдонуу кинологиялык бөлүмдөрдүн мобилдүүлүгүн жана ыкчам издөө иштеринин натыйжалуулугун жогорулатат.
Мындан тышкары, көрсөтүлгөн жардамдын алкагында видеокаттоо жана видеофиксациялоо системасы үчүн заманбап жабдуулары тапшырылды, бул кызматтык иш-чараларды жүргүзүүдө ачык-айкындуулук жана көзөмөл деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Мамлекеттик бажы кызматынын кинологиялык бөлүмү баңги заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоодо жана бөгөт коюуда маанилүү ролду ойнойт. Бөлүмдөрдү заманбап техника менен жабдуу — кызматтын материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
