Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана KOICA кызматташтыктын келечегин талкуулашты
13 март

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана KOICA кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Санариптик өнүктүрүү министрлигинде Түштүк Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, тараптар биргелешкен долбоорлордун жыйынтыктарын, анын ичинде «Түндүк» платформасындагы кызматтарды кеңейтүү жана мамлекеттик булуттук инфраструктурасы – G-Cloud’ду ишке киргизүүгө даярдык маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Санариптик компетенциялар боюнча окуу-консультациялык борборун түзүү жана IT-хабды өнүктүрүү боюнча жаңы демилгелер каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар санариптик трансформация жаатында мындан аркы кызматташууга даярдыгын билдиришти.