Токтогул Какчекеев: Россия Кыргызстанды жалгыз калтырбады, а Кыргызстан туруктуулугун көрсөттү
7 июль

Токтогул Какчекеев: Россия Кыргызстанды жалгыз калтырбады, а Кыргызстан туруктуулугун көрсөттү

Жакында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Анда бир катар маселелер талкууланып, анын катарын эки өлкөнүн кызматташтыгы, коопсуздук, товар жүгүртүү маселелери толуктады. Бул жолугушуу эмне берет жана кыргыз-орус кызматташтыгынын келечеги кандай? Коопсуздук боюнча эксперт Токтогул Какчекеев “Биринчи радионун” эфиринде бул боюнча көз карашын бөлүштү. 

“Кыргызстандын президенти акыркы эки жылда Россияга беш жолу барды. Барган сайын керектүү маселелердин үстүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Азыр баштагыдай жөн эле барып “сен жакшы, мен жакшы” деген мамиле жок. Садыр Жапаров Кыргызстандын кызыкчылыгындагы маселелерди Россиянын жардамы менен чечүүнү жөнгө салууда. Жакында болгон жолугушууда эки президент кучакташып көрүштү. Негизи эл аралык протколдо мындай көрүнүштөр абдан сейрек кездешет. Бул демек, эки өлкөнүн достугунун белгиси болуп турат”, – деди эксперт. 

Ал ошондой эле кыргыздын “Таянган тооң бийик болсо, ыргыткан ташың алыс түшөт” деген учкул сөзүнүн маанисин Кыргызстан-Россия мамилесине байланыштырды. Айтымында, Россия Кыргызстанды эгемендүүлүк алгандан кийин жалгыз калтырбады. Жыл сайын 30 миллиондон 80 миллионго чейин каражат бөлүп, бюджетин толуктоого көмөк көрсөткөн. Ага ылайык, Кыргызстан да акыркы окуяларда Россияны колдоп, өзүнүн ишенимдүүлүгүн, туруктуулугун көрсөттү. 

“Эки өлкөнүн мамилесинин уланып баратканы бизге жакшы. Балыкчыга орустардын жардамы менен аскер заводун курдук, эми аскердик оор техникаларды өз күчүбүз менен оңдоодон өткөрүүгө дараметибиз жетип калды. Негизи, күч структурасы толугу менен акчадан турат. Акча болбосо аскериң жылаңач, ачка калат, учаксыз калат. Акырындык менен аскерибизди өзүбүз каржылап баштаганыбыз жакшы жышаана”, – деди эксперт. 

Ошондой эле Токтогул Какчекеев дүйнөдө акыркы убакта болуп жаткан окуялардан улам, Россия менен өнөктөш мамлекет катары мамилени бекемдебесек, коркунуч биздин короого да кирип келиши мүмкүндүгүн кошумчалады.