Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды
22 апрель

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

2026-жылдын 20-апрелинде болжол менен саат 19:30 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арчалы айылынын капчыгайынан чет өлкөлүк жаран Ж.Чнын зомбулук белгилери менен каза болгон жансыз денеси табылган.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка шектүү катары Р.Ж., Ф.Ж., О.Ч. жана А.Т. аттуу жарандар кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2026-жылдын 22-апрелинде соттун чечими менен кармалгандарга карата эки ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, №1 тергөө абагына жайгаштырылды.

Учурда кылмыш иши боюнча зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.