Кара-Сууда тергөөчү кыздын тапанчасынан ок атылган. Териштирүү башталды
Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө болгон окуя ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды, деп бидирет ИИМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөчү кыздын тапанчасынан ок атылган. Окуя бүгүн, 13-мартта катталган.
Атылган ок жерге тийип, эч ким жабыркаган жок.
Аталган факты Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери башталды. Окуянын чоо-жайы такталып, жеринде тергөө-ыкчам тобу иш жүргүздү.
Чогултулган материалдар райондук прокуратурага текшерүү жүргүзүү жана укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлдү.
Териштирүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.
