Кара-Сууда «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү
2025-жылдын 18-февралында КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгы жана Ош облусунун ИИБи менен биргеликте диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдарга каршы күрөшүү алкагында, ошондой эле козголгон кылмыш ишинин негизинде, Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» радикалдык-экстремисттик уюмунун 6 активдүү мүчөсүнүн жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлдү.
Тинтүү иштеринин жыйынтыгында төмөнкү далил буюмдар алынды:
- «Аль-Вайи» аттуу 4 даана радикалдык-экстремисттик агымдагы китеп,
- «Хизб ут-Тахрир» РЭУнун 4 даана баракчасы,
- 2 бычак,
- 55 даана ар түрдүү диний адабияттар,
- 12 уюлдук телефон жана 1 ноутбук.
Учурда аталган кылмыш ишинин алкагында тергөө иш-чаралары уланып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
