Кыргызстан менен Германия эки тараптуу кызматташтыктык тереңдетүү маселесин талкуулады
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев аталган өлкөнүн Тышкы иштер федералдык министрлигинин мамлекеттик министри, Бундестагдын депутаты Гунтер Крихбаум менен жолугушту.
Элчиликтен кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 2026-жылдын 25-мартында Берлин шаарында өткөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты андан ары кеңейтүү маселелерин талкуулап, 2026-жылдын 11-февралында Берлин шаарында өткөн «Борбордук Азия + Германия» тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыктары боюнча пикир алмашышты.
Элчи Өмүрбек Текебаев кыргыз тараптын саясий диалогду тереңдетүүгө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана аймактык кызматташтык форматтарынын алкагында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.
Өз кезегинде мамлекеттик министр Гунтер Крихбаум герман тараптын Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди колдоого даяр экендигин ырастады.
