Бишкекте 2025-жылдын мыкты тез жардам бригадасы тандалды
7 июль

Бишкекте 2025-жылдын мыкты тез жардам бригадасы тандалды

2025-жылдын 4-июлунда Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунда тез жардам бригадалары арасында кесиптик чеберчилик боюнча мелдеш болуп өттү. Иш-чара Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулуп, тез жардам кызматынын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жана командалык духун жогорулатууга багытталган масштабдуу сынак форматында өткөрүлдү.

Мелдешке Борбордун түрдүү бөлүмдөрү: психоневрологиялык, педиатрия, реанимация жана кардиология бөлүмдөрү, ошондой эле №1, №2, №3, №4 жана №5 көмөкчордондорунун атынан тогуз команда катышты.

Сынак эки этапта өттү:

• Чыгармачылык этап, мында катышуучулар видеороликтерди, юмордук миниатюраларды жана тематикалык сценкаларды тартуулашты;

• Практикалык этап, анын жүрүшүндө катышуучулар телефон аркылуу чалууларды кабыл алып, тез жардам унаалары менен окуя болгон жерге тез арада барып, атайын даярдалган актёрлор «оорулууларга» кечиктирилгис жардам көрсөтүштү.

Практикалык бөлүгү реалдуу эмгек шарттарына мүмкүн болушунча жакын болду. Командалар төмөнкү сценарийлер боюнча көйгөйлөрдү чечиши керек болчу: анафилактикалык шок, бийиктиктен кулап кетүүдөн улам омуртка жаракаты, бала катышкан кырсык, көчөдө жүрөктүн капысынан токтоп калышы жана миокард инфаркты. Тапшырмалардын сапаты алдын ала бекитилген текшерүү баракчалары боюнча калыстар тобу тарабынан бааланды.

Сынактын жыйынтыгы боюнча байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

  • 1-орун – кардиологдор командасы (байге: 20 000 сом);
  • 2-орун – №4 көмөкчордондун командасы (байге: 15 000 сом);
  • 3-орун – №5 көмөкчордондун командасы (байге: 10 000 сом).

Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов кесиптик майрамды мындай форматта белгилөө биринчи жолу болуп жатканын белгиледи.

Ал башка өлкөлөрдүн "Тез жардам" бригадаларынын ортосунда өтүүчү эл аралык таймаштар – мисалы, Европалык оюндар – тууралуу айтып, Бишкек шаарынын командасын келечекте ошондой иш-чараларга алып чыгуу максаты бар экенин кошумчалады.

И. Шаяхметов бишкектик дарыгерлер быйыл сентябрда Казакстандын Атырау шаарында өтө турган "Тез жардам" бригадаларынын эл аралык мелдешине катышат деген үмүтүн билдирди.