«Чакан ГЭС» ААК күз-кыш мезгилине 100 % даяр
КР Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетика системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн бир катар комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө.
Ведомстводон кабарлашкандай, бул милдеттерди ишке ашыруу максатында «Чакан ГЭС» ААК комплекстүү иштерди жүргүзүп, бүгүнкү күндө күз-кыш мезгилине 100 % даяр.
«Чакан ГЭС» ААК 2025-жылга жалпысынан 4 гидроагрегатты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү мерчемдеген, алар:
1. Быстровка ГЭСтин №1 гидроагрегаты;
2. 6-ГЭСтин №1 гидроагрегаты;
3. Кичи ГЭСтин №1 гидроагрегаты;
4. 5-ГЭСтин №1 гидроагрегаты.
Бүгүнкү күнгө 4 гидроагрегат тең толук капиталдык оңдоодон өтүп, ишке берилди.
Мындан тышкары, «Чакан ГЭС» ААКнын адистери гидроэлектростанциялардын негизги жана көмөкчү жабдууларын пландык оңдоодон өткөрүп, модернизациялоо иштерин так жана өз маалында аткарышты.
Тактап айтканда, ГЭС-2деги Т-1 В-35 кВ, ГЭС-5теги Т-1 В-35 кВ, ГЭС-3төгү «Карагачёвая-1», «Карагачёвая-2», 35 кВ чыңалуусундагы аба чубалгыларында эски майлуу өчүргүчтөр заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды. Вакуумдук өчүргүчтөр ишенимдүүлүгү менен айырмаланып, үзгүлтүксүз тейлөөнү талап кылбайт. Бул иш-чара жабдуулардын коопсуздугун жогорулатып, эксплуатациялык чыгымдарды азайтууга жана авариялык кырдаалдардын алдын алууга шарт түзөт.
Мындан тышкары, ГЭС-2де 3000 кВА кубаттуулуктагы Т-1 жана 3200 кВА кубаттуулуктагы Т-2 күч трансформаторлору 6300 кВА кубаттуулугундагы күч трансформаторлорго алмаштырылды.
Муну менен бирге «Чакан ГЭС» ААК электромобилди кубаттоочу станцияларды куруу иштерин улантууда. Учурда 6 кубаттоочу станция орнотулду: 2 станция Бишкек шаарынын Сувоврова, 113 дарегинде жана 4 станция Кемин районунун “Нур” шаардык конушунун аймагында жайгашкан.
«Чакан ГЭС» ААК күз-кыш мезгилине даярдыкты бекитилген графикке ылайык жургүзүп, гидроэлектростанциялардын ишенимдүү жана туруктуу иштөөсү үчүн бардык шартты түзүүдө.
