Кант диабети менен күрөшүү күнү: 14-ноябрда бишкектиктерди дарыгерлер тобу акысыз текшеришет
11 ноябрь

Кант диабети менен күрөшүү күнү: 14-ноябрда бишкектиктерди дарыгерлер тобу акысыз текшеришет

14-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнү. Бул күнү Кыргызстанда кант диабетине каршы иш-чаралар уюштурулат жана жарандардын ден соолугун текшерчү акция өткөрүлөт. Бул тууралуу №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эндокринолог-дарыгери Бермет Карымшакова “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. 

Айтымында, 14-ноябрда Бишкекте “Азия молл” соода борборунда кант диабетине каршы иш-чара өтөт. 

“Акция саат 10.00дөн 15.00гө чейин уланат. Ал жерде диабетолог, эндокринолог, кардиолог гастроэнтеролог ж.б. дарыгерлер болот жана жарандардын кан басымын, кандагы канттын деңгээлин текшеришет”, – деди ал.

Ал белгилегендей, кант диабети – бул эң көп тараган эндокринологиялык өнөкөт оору. Күн сайын жок дегенде 5 кишиден бул оору биринчи жолу аныкталат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 90 миң бейтап кант диабети боюнча каттоодо турат, Бишкектин өзүндө 12 миң адам. Биздин өлкөдө кант диабетинин кеңири тараган түрү – бул 2-тиби. 

“Кант диабетинин белгилери – ооздун кургоосу, суусоо, тез-тезден даарат ушатуу, ашыкча салмак кошуу же арыктоо, денеге “кумурсканын” жайылуусу, улгайган адамдарда дененин кычышуусу. Бирок 2-типтеги кант диабетинде симптомдор ачык көрүнбөйт, жашыруун болушу мүмкүн же такыр эле болбойт. Ошондуктан, аны аныктоонун бир гана жолу – кандагы канттын деңгээлин аныктоо”, – деди Карымшакова. 

Айтымында, кант диабетинин пайда болуусунун себептери – организмдеги клеткалардын инсулинге сезимталдуулугунун азайышы. Анын себептеринин бири - адам семиргенде тери алдында май топтолгондон улам келип чыгат.