Ат-Башы ГЭСде күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзгөн реформалардын алкагында 2022-жылы толук реконструкцияланган Ат-Башы гидроэлектростанциясы (ГЭС) 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата алдын ала жана системдүү даярдык иштерин жүргүзүп жатат.
2025-жылы графикке ылайык ийгиликтүү аткарылган иштер:
• №1 жана №2 гидроагрегаттардын учурдагы ремонту,
• №1 трансформатордун текшерүү-тейлөө иштери,
• 110 кВ жана 10 кВ бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн элементтери боюнча иштер.
Жакынкы күндөрү баштала турган негизги жумуштар:
• №3 жана №4 гидроагрегаттардын учурдагы ремонту,
• SFF-28000/115 үлгүсүндөгү №2 трансформатор,
• 110/10 кВ электр чөйрөсүндөгү негизги линиялар жана жабдуулар.
Подряддык уюмдардын катышуусунда аяктаган долбоорлор:
• СЭВ (суунун өткөрүүчү вентили) жогорку сводунун калыбына келтирилиши,
• эксплуатациялык сууну таштоочу (водосброс) түзүлүштүн I этабы,
• административдик имараттагы эшиктердин жаңыланышы.
Сууну таштоочу гидротехникалык түзүлүштүн кийинки этаптагы ремонту 2025-жылдын IV кварталына пландалган. Убактылуу токтотуу суу сактагычты технологиялык тазалоо муктаждыгына байланыштуу болуп саналат.
Реконструкциядан кийин ГЭСтин бардык жабдуулары жогорку техникалык стандарттарга жооп берет. Ошондуктан учурда аткарылып жаткан иштер эксплуатациялык талаптарга ылайык пландуу профилактикалык мүнөздө жүрүүдө.
«Электр станциялар» ААКнын филиалы - Ат-Башы ГЭС Нарын облусунун электр энергиясына болгон муктаждыгынын 25%га чейинки бөлүгүн жабат. Кыш мезгилинде электр жүктөмү жай мезгилине салыштырмалуу 4,36 эсеге жогорулайт.
