ЖК депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
Жогорку Кеңештин депутаттар тобу парламентке шайлоонун жол-жобосуна өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.
Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Шайлоо жөнүндө колдонуудагы конституциялык Мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин 54 депутаты бирдиктүү шайлоо округу боюнча пропорционалдык тутум боюнча шайланат. Жогорку Кеңештин 36 депутаты бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мажоритардык тутум боюнча шайланат.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык:
- пропорционалдык тутум боюнча – саясий партияларга;
- мажоритардык тутум боюнча – саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга (59-берене).
-
Сунушталган конституциялык Мыйзамдын долбоорунда төмөнкүдө концептуалдык жоболор каралат.
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты шайланат.
Көп мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү шайлоо күнү дайындалгандан кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү маалыматтардын негизинде түзүлүүчү шайлоо округдарында жүзөгө ашырылат.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнү дайындалгандан кийин 7 календардык күндөн кечиктирбестен аймактык шайлоо округдарынын схемасын жана чектерин түзөт жана бекитет.
Шайлоо округдарынын схемасында шайлоо округдарынын чектери, ар бир шайлоо округуна кирген калктуу конуштардын (көчөлөрдүн, үйлөрдүн) тизмеги, ар бир шайлоо округунун номери жана борбору, ар бир шайлоо округундагы шайлоочулардын саны көрсөтүлүүгө тийиш.
Аймактык шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:
– шайлоочулардын саны боюнча аймактык шайлоо округдарынын болжолдуу бирдейлиги, мында шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 10 пайыздан ашык эмес четтөөгө жол берилет;
– аймактык шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, өз ара чектешпеген аймактардан шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт.
2. Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча шайланат.
-
Демилгечи депутаттар: Н. Тургунбек уулу, Н.О Сыдыгалиев, А.Т. Түмөнбаев, К.К. Сулайманов, М.А. Маматалиев, У.Б. Примов, Д.Э. Толонов, Ж.М. Салымбеков, Ч.И. Ажибаев.
