Бир жумада сасык тумоонун 6,7 миң учуру катталды. ССМ алдын алуу чараларын күчөтүүдө
11 ноябрь

Бир жумада сасык тумоонун 6,7 миң учуру катталды. ССМ алдын алуу чараларын күчөтүүдө

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам маалыматына ылайык, 2025-жылдын 45-жумасында (3–9-ноябрь) өлкө боюнча 6787 учур КРВИ катталып, бул мурунку жумага салыштырганда 3,3%га жогору. Эң жогорку көрсөткүч Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле Нарын, Ысык-Көл жана Чүй областтарында байкалууда. Ооруган адамдардын 63,7%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Сезондук инфекциялардын алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоого каршы эмдөө кампаниясын аяктап жатат. Тобокел тобундагы жарандар үчүн «Гриппол Плюс» вакцинасынан 63 734 доза сатылып алынып, эмдөө 90,5%га аткарылды.

Мындан тышкары, бир катар жеке медициналык борборлордо («Цадмир», «Малыш», «Кроха», «Интермедикал», «Эдельвейс», «KG», «Комфорт Медик», «Поликлиника №312», «Чипенко») акы төлөө негизинде эмдөөдөн өтүүгө болот. Баасы 400–1000 сомго чейин.

Сасык тумоону аныктоо үчүн өлкөнүн лабораторияларына кошумча 10 000 тест-система жеткирилди.

Алдын алуу чаралары катары төмөнкү чаралар киргизилди:

– республиканын бардык саламаттык сактоо уюмдарында беткап кийүү режими жана стационарларга барууга чектөө;
– бала бакчаларда, мектептерде жана ЖОЖдордо дезинфекция жана желдетүү чараларын күчөтүү;
– балдар арасындагы оорулардын деңгээлине мониторинг уюштурулду.

Саламаттык сактоо министрлиги эскертет:

– вакцина – сасык тумоонун оор өтүшүнөн эң натыйжалуу коргонуу жолу;
– дене табы көтөрүлгөндө же КРВИ белгилери байкалганда үйдө калып, үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу зарыл;
– колду бат-баттан жууп жана адамдар көп чогулган жайларда беткап тагынуу жугуу коркунучун азайтат.

Эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө. КРВИ, сасык тумоонун жана COVID-19дун деңгээлин көзөмөлдөө улантылууда.