ИИМ: Айт намаз эч кандай кырсыксыз, тынч өттү
КР ИИМ
27 май

ИИМ: Айт намаз эч кандай кырсыксыз, тынч өттү

Курман айт майрамында 10 миңден ашуун ички иштер органдарынын кызматкерлери камсыз кылышты. Милициянын кошумча күчтөрү тартылып, жол кыймылын жөнгө салуу жана кайгуул күзөтү күчөтүлдү. Кабыл алынган чаралардын аркасында иш-чара эч кандай кырсыксыз, тынч өттү.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана анын орун басарлары өздүк курамдын кызмат өтөөсүнө, коомдук тартипти сактоону уюштурууга жана жер-жерлерде жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.

Ички иштер министрлиги массалык иш-чараларды өткөрүүдө жарандардын коопсуздугун камсыз кылууну жогорку деңгээлде улантууда.