Аялдардын лидерлигин колдоо: Мамкызмат агенттиги жана Эмгек министрлигинин кызматкерлери кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатышты
9 сентябрь

Аялдардын лидерлигин колдоо: Мамкызмат агенттиги жана Эмгек министрлигинин кызматкерлери кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатышты

Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

БУУнун Аялдар түзүмүнүн улуттук кеңешчиси Жаңыл Алыбаева маалымдагандай, президент Садыр Жапаров тарабынан бекитилген Аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программанын максаттары — аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жана коомдук турмушуна активдүү катышуусу үчүн бирдей шарттарды түзүү, ошондой эле негизги чечимдерди кабыл алууда алардын ролун жогорулатуу болуп саналат. 

"Мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарына облустук жана муниципалдык кадрдык резервге аялдарды көбүрөөк тартуу жана алардын жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу милдети жүктөлдү. 2030-жылга чейин атайын кадрдык резервде 200дөн кем эмес лидер аялдар болушу, кеминде дагы 200 аялдын квалификациясын жогорулатуу пландалууда.

Андан тышкары, биз лидер аялдардын үч жылдан ашпаган мөөнөттө жетекчилик кызматтарга дайындалышын камсыз кылышыбыз керек", - деп баса белгиледи ал. 

Жаңыл Алыбаева кошумчалагандай, азыркы учурда регионалдык кадрлар резервинин 13%ын гана аялдар, муниципалдык кадрдык резервинин 10%ын гана түзөт.

"Мамкызмат агенттиги баштаган иштин аркасында быйылкы жылдын эсебинде кадрдык резервге сынакка катышууга арыз бергендердин арасында аялдар 31 пайызды түздү. Былтыр бул көрсөткүч болгону 19,1%ы түзгөн", - деди Алыбаева.