Ош: Төшөлгөн асфальттын сапаты текшерилүүдө
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын сыноо лабораториясы тарабынан Ош шаарындагы С. Жетимишов көчөсүнүн Раззаков көчөсүнөн Ош көчөсүнө чейинки тилкесиндеги асфальт-бетон төшөлмөсүнөн керн үлгүлөрү алынды. Аталган тилкенин узундугу 1 370 метрди түзөт.
Үлгүлөр асфальт-бетондун мүнөздөмөлөрүн аныктоо, аткарылган жол иштеринин сапатын баалоо жана төшөлгөн катмардын колдонуудагы ченемдик документтердин талаптарына шайкештигин текшерүү максатында алынууда.
Алынган үлгүлөр сыноолорду жүргүзүү үчүн лабораторияга жөнөтүлдү. Сыноолордун жыйынтыгы менен төшөлгөн асфальт-бетондун сапатына баа берилет.
Мындай лабораториялык текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, жол куруу иштеринин сапатын көзөмөлдөөнүн бир бөлүгү болуп саналат. Бул текшерүүлөр мүмкүн болгон кемчиликтерди өз убагында аныктоого жана колдонулган материалдардын белгиленген талаптарга шайкештигин баалоого мүмкүндүк берет.
