Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны 6,7%га азайган
8 октябрь

Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны 6,7%га азайган

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана коронавирус инфекциясынын деңгээли боюнча жумалык мониторинг жүргүзүлүп турат.

29-сентябрдан 5-октябрга чейинки монитрингдин маалыматына караганда, республика боюнча 5 341 КРВИ учурлары катталган. Өткөн жума менен салыштырганда оорулуулардын саны 6,7% азайган. Бардык катталган учурлардын ичинен 60% – 14 жашка чейинки балдар (3205 учур).

Учурда вакцинанын келиши күтүлүүдө. Ал акысыз жүргүзүлөт жана биринчи кезекте тобокелдик тобуна кирген жарандар эмделет:

  • медициналык кызматкерлер;
  • өнөкөт оорусу бар адамдар;
  • тез-тез ооруган балдар;
  • 65 жаштан жогорку жарандар;
  • кош бойлуу аялдар.

Респиратордук инфекциялардын жалпы профилактикасы төмөнкү жөнөкөй эрежелерди сактоону камтыйт:

  • баладан КРВИ белгилери байкалса, айыгып кеткенге чейин мектепке же бала бакчага жөнөтпөңүз жана дарыгерге кайрылыңыз;
  • беткап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо;
  • жөтөлгөндө же чүчкүргөндө ооз жана мурунду кагаз жүз аарчы менен жабуу жана аны туура жок кылуу;
  • организмди суукка же ысыкка ашыкча дуушар кылбоо;
  • жогорку дене тап жана башка белгилер пайда болгондо өз убагында обочолонуу (изоляция);
  • колду таза кармоо, үйдү дайыма желдетүү жана нымдуу тазалоо жүргүзүү;
  • окуу жана эс алуу тартибин сактоо, ашыкча чарчабоо, таза абага чыгуу, жетиштүү уктоо жана туура тамактануу;
  • эртең мененки гимнастика жана көнүгүүлөрдү жасоо.