Талас: Арашан айылындагы ички жолго 4 км асфальт басуу иштеринен баян
8 октябрь

Талас: Арашан айылындагы ички жолго 4 км асфальт басуу иштеринен баян

Талас облусуна караштуу Арашан айылындагы ички жолго 4 км асфальт төшөө иштери уланууда.

Долбоордо тротуар, суу өтүүчү түтүктөр, жол белгилери, жол чийиидери да каралган. Жеринде 24 атайы техника, 35 кызматкер иш алып барууда.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Арашан айылынын тургундары менен жолугушкан.

Чогулгандардын жол маселесине байланыштуу көйгөйлөрүн уккан Сыргабаев, Арашан айылынын ички жол тилкеси министрликтин балансында болбогонуна карабастан жергиликтүү тургундардын суранычы менен планга киргизип, капиталдык салымдар беренесинин эсебинен асфальт төшөө жана бир тараптуу тротуар куруу тапшырмасын койгон.