Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды
Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 18-февралда саат 04:26да катталып, очогунда күчү 2,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак, Бек-Абад, Жийде, Күмүш-Азиз айылдарында 2,5 баллга (Сузак айылынан 2 чакырым
түштүк батышта, Бек-Абад айылынан 3 чакырым батышта, Жийде айылынан 3 чакырым түндүк батышта) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
