Торонто аэропортунда учак кулады, жабыркагандар бар
18 февраль

Торонто аэропортунда учак кулады, жабыркагандар бар

Торонто аэропортунда конуу учурунда жүргүнчү учагы кулап, оодарылып, 17 киши жаракат алды.

Delta Airlines авиалайнери АКШнын Миннеаполис шаарынан учуп бара жаткан. Учакта 76 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон.

Кырсыктын себептери азырынча айтыла элек.