Ысык-Көлдө жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордун кубаттуулугу жогорулатылды
30 июль

Ысык-Көлдө жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордун кубаттуулугу жогорулатылды

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында “КУЭТ” ААКтын Ысык-Көл электр тармактары ишканасы аймактагы электр энергиясын туруктуу жана сапаттуу жеткирүү максатында бир катар маанилүү техникалык иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашырууда.

Атап айтканда, 35/10 кВ “Южная-1”, “Саруу” жана “Кең-Суу” көмөк чордондорунда кубаттуулугу жогору жаңы трансформаторлор орнотулуп, жалпы кубаттуулук 13,5 МВАга жогорулатылды. Бул өзгөртүүлөр электр жүктөмүнүн өсүшүнө даярдыкты камсыз кылып, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз энергия менен камсыздоону жакшыртат.

Ысык-Көл электр тармактарынын көмөк чордон кызматы облус боюнча 35 кВдан 220 кВга чейинки жалпы 61 көмөк чордонуна тейлөө жүргүзөт. 2025-жылдын башынан бери 1029 электр жабдуусу пландуу техникалык тейлөөдөн өтүп, 104 жабдуу капиталдык оңдоодон өттү.

Мындан сырткары, 35/10 кВ Ачикеев көмөк чордонунда 1989-жылы орнотулган эски май өчүргүчтөр заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды. Бул жаңы өчүргүчтөр авариялык абалдарды алдын алып, жүк астында электр чынжырларын автоматтык түрдө өчүрүү функциясына ээ.

Техникалык иштер күз-кыш мезгилинде керектөө жогорулаган маалда электр тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган.

Жумуштар пландуу негизде, өз мөөнөтүндө аткарылууда.