Оштогу жер титирөө. Мектеп, бала бакча жана турак үйлөр жабыркаган
13 март

Оштогу жер титирөө. Мектеп, бала бакча жана турак үйлөр жабыркаган

Ош облусунун аймагында 12-мартта саат 09:11де очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. 

ӨКМдин атайын тобу аймакта текшерүү иштерин жүргүзгөн. Натыйжада бир нече объекттин жабыркагандыгы аныкталган.

Алар:

  • 25 турак үй;
  • 12 мектеп;
  • 1 бала бакча;
  • 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу жабыркаган.

Алай району боюнча:

  • 13 турак үй;
  • анын ичинен 1 турак үй кооптуу.

Жаңы-Алай айылында турак үйлөрдүн дубалдарында жаракалар пайда болгон.

Жерине райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, турак үйлөрдөгү эски жаракалар жер титирөөдөн чоңойгондугун аныкташып, акт түзүлгөн. 7 турак үй камсыздандыруудан өткөн, 6 турак үй камсыздандыруудан өткөн эмес.

Ал эми Кара-Суу району боюнча:

  • 12 мектеп;
  • 12 турак үй;
  • 1 бала бакча;
  • 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу.

Жоош айыл аймагынан:

  • 7 мектеп;
  • 1 бала бакча;
  • 1 турак үйдүн,

Ала-Тоо айыл аймагынан 1 мектептин,

Датка айыл аймагынан 3 мектептин,

Мады айыл аймагынан 7 турак үй, 1 үй бүлөлүк дарылоо тобу,

Савай айыл аймагынан 1 мектеп, 3 турак үйдүн,

Баш-Булак айыл аймагынан 1 турак үйдүн дубалында жаракалар пайда болгон.

Жерине райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, турак үйлөрдөгү эски жаракалар жер титирөөдөн чоңойгондугун аныкташып, акт түзүлгөн. 4 турак үй камсыздандыруудан өткөн, калган үйлөр камсыздандыруудан өткөн эмес.