Өлүм менен коштолгон көк бөрү. Шектүү делген эки киши кармалды
13 март

Өлүм менен коштолгон көк бөрү. Шектүү делген эки киши кармалды

2025-жылдын 12-мартында болжол менен саат 10:00 чамасында «Ак-Кула» ат майданында «Көк-бөрү» улуттук оюндар федерациясы уюштурган мелдеш учурунда, катышкан командалар ортосунда оюн өтүп, оюн башталганынан болжол менен 10–15 мүнөт өткөндөн кийин оюн эрежелеринин одоно бузулушу менен байланышкан кагылышуудан улам оюнчулардын бири аттан кулап, эс-учун жоготкон. Оюн дароо токтотулуп, окуя болгон жерге тез жардам бригадасы чакырылган.

Жабырлануучу, 1980-жылы туулган С.М., алган жаракаттарынан улам ооруканага бара жаткан жолдо көз жумган.

Бул факт боюнча Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү, 1996-жылы туулган А.Ч., Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, оюн учурунда калыстык кылган, 1983-жылы туулган Ш.У. да кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.