Депутат өлкөдө жасалып жаткан жакшы иштерди жайылтууда эмнеге блогерлердин кызматына муктаждык жаралып жатканына кызыкты
30 март

Депутат өлкөдө жасалып жаткан жакшы иштерди жайылтууда эмнеге блогерлердин кызматына муктаждык жаралып жатканына кызыкты

УТРКда учурда борбордук студиясында 706 штаттык бирдик бар, ал эми аймактардагы филиалдарында 210 адам иштейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында белгилүү болду. 

УТРКнын башкы директорунун орун басары Алмазбек Касымалиевдин айтымында, корпорациянын бюджети – 760 миллион сом. Анын ичинде долбоорлор, кызматкерлердин айлык акысы жана эфирге чыгып жаткан программалардын татаалдыгына жараша белгиленчү гонорардык фонд бар. 

Депутат Болот Сагынаев дээрлик 1000 кызматкер иштеген телеканал өлкөдө жасалып жаткан жакшы иштерди, мамлекеттик саясатты калктын калың катмарына канчалык деңгээлде жеткирип жатканына кызыкты. 

“Мисалы, жакында Ала-Арчада асма жол ачылды. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты. Бул жакшы ишти элге жеткирүү үчүн коомчулук менен иштешкен жарандар чакырылды. УТРКда дээрлик миң адам иштесе, эмнеге жакшы иштерди жумурай журтка жеткирүүдө башка адамдардын да жардамына муктаждык жаралат?” – деди депутат. 

Касымалиев миң кызматкердин баары эле чыгармачылык жактан иштебей турганын, арасында инженердик, техникалык топ дагы бардыгын эске салды. 

“Менимче, сиз блогерлер тууралуу айтып жатат окшойсуз. Жакшы маалыматтарды жеткирүүдө мүмкүн болгон каражаттын баарын колдонуу туура деп эсептелет”, – деди ал.