Ошто дагы бир ички көчө ачылды
Ош шаарынын Анар кичи районундагы ички көчө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, унаа айдагандарга жана жөө жүргүнчүлөргө шарттар түзүлдү.
Мэр Жеңишбек Токторбаев менен шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетовдун жана тургундардын катышуусунда көчө ачылды.
Ош шаарынын мэринин тапшырмасы менен калаадагы негизги көчөлөрдүн гана эмес, ички көчөлөрдүн да жолдору жасалды.
