Ош шаарында муниципалдык мекемелерге кызматтык унаалар тапшырылды
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 7-октябрда шаардагы бир катар муниципалдык мекемелерге кызматтык унаалардын ачкычтарын тапшырды.
Мэриядан билдиришкендей, кызматтык автоунаалар төмөнкү мекемелерге берилди:
- Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармасы,
- Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы,
- Ош шаардык жолдор муниципалдык ишканасы,
- Ош шаардык маданият башкармалыгы,
- Ош шаардык муниципалдык инспекциясы.
Калаа башчы унаалардын берилүүсү муниципалдык кызматтардын ишин жеңилдетип, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
