Россиянын Ленинград облусунда кафеден өрт чыгып, 5 кыргызстандык жабыркады
2025-жылдын 16-февралында Ленинград облусунун Усть-Луга айылындагы жеке менчик кафеден өрт чыгып, анын кесепетинен 5 Кыргызстандын жараны ар түрдүү даражадагы күйүк алышкандыгын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.
2025-жылдын 17-февралында 2 КР жараны Ленинград облустук ооруканасына текшерүүгө жиберилген. 3 КР жаранына Гатчинск ооруканасында биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарылоого чыгарылган.
Бул факты боюнча Орусиянын тергөө органы кылмыш ишин козгоду.
Бул маселени Башкы консулдуктун көзөмөлүнө алынды.
