Жалал-Абадда кадрдык өзгөрүүлөр болду: жаңы аким жана мэр дайындалды
Жалал-Абадда жергиликтүү башкаруу органында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Президент кол койгон тескемеге ылайык:
- Эдилбек Тажимырзаев Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду,
- Азамат Турдубеков Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды,
- Максатбек Саргазаков Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими кызматынан бошотулду,
- Азамат Намазалиев Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими болуп дайындалды.
