президенттин администрациясы
15 май
Садыр Жапаров ТМУнун бейформал саммитине катышууда
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Казакстан Республикасынын Түркстан шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышууда.
Иш-чара башталар алдында уюмга мүчө-өлкөлөрдүн делегация башчыларын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.
Саламдашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.
