Кыргызстанда эки жолу жер титиреди
21 май

Кыргызстанда эки жолу жер титиреди

Кыргызстанда эки жолу жер титиреди, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 19:41де Кыргызстан менен Казакстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3 магнитудага жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ысык-Көлдүн Түп районунун Каркыра, Сан-Таш айылдарында 3 баллга (Каркыра айылынан 7 чакырым түндүккө, Каракол шаарынан 65 чакырым түндүк чыгышка) чейин сезилген.

Ошондой эле саат 20:26да өлкө аймагында очогунда  күчү 3 магнитудага жеткен жер титирөө болду.

Жер титирөө Жалал-Абаддын Ноокен районунун Тоскоол айылында 2,5 баллга (Тоскоол айылынан 8 чакырым түндүк батышка, Майлуу-Суу шаарынан 15 чакырым чыгышка) чейин сезилди. 

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.