Талас районунда электр тармагын автоматташтыруу иштеринин алкагында 3 жаңы реклоузер орнотулду
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында, Талас облусунун Талас районунда электр энергиясын үзгүлтүксүз жана коопсуз жеткирүү максатында жогорку чыңалуудагы 10 кВ 3 даана реклоузер орнотулду.
Атап айтканда, Арал жана Үч-Эмчек айылынын кесилишине 2 даана, ал эми Кен-Кол айыл аймагына 1 даана 10 кВ реклоузер орнотулду. Бул иштерди Чат-Базар жана Көк-Ой барчасынын кызматкерлери жана релейлик коргоо, байланыш кызматы аткарышты.
Реклоузер – бул автоматтык өчүргүч, ал жогорку чыңалуудагы (негизинен 10–35 кВ) аба чубалгылуу линияларда колдонулат. Анын негизги милдети – электр тармагында пайда болгон убактылуу бузулууларды аныктап (авариялык өчүрүүлөрдү) линияны автоматтык түрдө өчүрүп-күйгүзүү аркылуу электр берүү процессин калыбына келтирүү. Ал бузулуу катталганда (мисалы, кыска туташуу же дарактын тийиши) реклоузер линияны автоматтык түрдө өчүрөт;
Эгер бузулуу убактылуу болсо – электр берүү калыбына келет;
Эгер бузулуу туруктуу болсо – ошол аймак автоматтык түрдө обочолонуп, калган участоктордо жарык сакталат;
Алыстан көзөмөлдөп жана башкарууга мүмкүнчүлүк берет.
Артыкчылыгы авариялык өчүүлөрдү азайтып, электр энергиясын туруктуу берип, коопсуздук деңгээлин жогорулатып, оңдоо иштерин ыкчам жүргүзүүгө шарт түзөт.
Бул иштер «КУЭТ» ААКнын филиалы Талас электр тармактар ишканасы тарабынан элге сапаттуу, туруктуу жана заманбап кызмат көрсөтүү максатында аткарылууда.
