Сузакта жаңы төрөт үйүнүн жана балдар ооруканасынын курулушу жүрүүдө 
13 март

Сузакта жаңы төрөт үйүнүн жана балдар ооруканасынын курулушу жүрүүдө 

Барпы айыл аймагынын Чокмор айылында Сузак аймактык ооруканасынын жаңы 75 орундуу төрөт бөлүмү жана 75 орундуу балдар ооруканасынын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, курулуш иштеринин жүрүшүнөн облус башчысы Тилек Текебаев кабар алган.

Аталган объекттин курулушу 2023-жылдын мартында башталып, жалпы 7 гектардан ашуун жер аянтын ээлейт. Азыркы учурда төрөт бөлүмүнүн курулушу аяктап, медициналык жабдыктар алынып келинген. Ал эми балдар ооруканасынын курулушу 90 пайызга бүткөрүлгөн.

Жумуштарды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Жалал-Абад көчмө механикалаштырылган отряды” тарабынан аткарылууда. Долбоордун жалпы баасы 570 млн сомду түзүп, демөөрчүлөр тарабынан каржыланууда.