Оштун мэри балдар үйүндөгү бөбөккө ай сайын 5 миң сомдон колдоо көрсөтөрүн айтты 
22 август

Оштун мэри балдар үйүндөгү бөбөккө ай сайын 5 миң сомдон колдоо көрсөтөрүн айтты 

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруунун алкагында “Алтын уя” үй-бүлөлүк балдар үйүнө барды. 

Калаа башчысы ал жерде тарбияланып жаткан 12 баладан кабар алып, түзүлгөн шарттарынан көрүп чыкты.

Алардын арасынан эң кичүүсү эки жаштагы Айшага мэр Жеңишбек Токторбаев ай сайын жеке өзүнүн каражатынан колдоо көрсөтөрүн убадалады.

Үй-бүлөлү балдар үйүнүн директору Тамара Токтомаметованын айтымында, мында 12 бала бар. 

"Айшаны жана дагы үч баланы мекеменин босогосуна таштап кетишкен. Алардын ата-энеси табыла элек", - деди ал.