Баңгизатын ташыган трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин БМЖКККы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте баңгизатын ташыган трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана КР УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте баңгизаттын жасоо, ташуу менен алектенген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кыргыз Республикасына баңгизаттарды жеткирүүнүн туруктуу каналын түзүп, кийин аларды бүткүл республикага, ошондой эле Борбордук Азия жана КМШ мамлекеттерине таратышкандыгы аныкталган.
Буга чейин өлкөнүн түштүгүндө баңгизатын чет өлкөдөн алып жаткан кылмыштуу топ иштеп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Лос-Анджелестен (АКШ) учуп келген жүктү текшерүү учурунда “Манас” бажы постунун кызматкерлери ашкана идиштерине жашырылган баңгизатын табышкан. Ичинде жалпы салмагы 2 килограммдан ашкан өсүмдүк тектүү зат – гибриддик марихуана («америкалык бүчүрлөр») салынган төрт жабык вакуум баштык болгон.
Ош шаарында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө баңги кылмыштуу тобунун эки активдүү катышуучусу: кыргыз жараны З.А.С. жана Россия Федерациясынын жараны А.М.А., кийинчерээк кылмыштуу схеманын уюштуруучусу жана куратору делген Өзбекстан Республикасынын жараны Т.К.Т. кармалган.
Ош облусунун аймагындагы эки даректе тинтүү учурунда атайын жабдуулар менен жабдылган эки нарколаборатория табылып, жоюлду. Ошондой эле Telegram мессенжеринде иштеген “SAYONARA” каймана аты менен интернет-дүкөнүнүн ишмердүүлүгү токтотулган.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын корутундусу боюнча төмөнкүлөр мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган:
* марихуана – 2 кг 858 гр;
* мефедрон – 586 кг 898 гр;
* прекурсорлор жана прекурсорлор – 1,5 тоннадан ашык.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
