Муктаж адамдар үчүн курулган үйлөрдө чиновниктердин тааныштары жашап жатышат, – депутат
Аламүдүн, Кемин, Жайыл, Панфилов райондорунда жана Кара-Балта шаарында «Ассанабил» араб кайрымдуулук фонду тарабынан көптөгөн турак жайлар курулган. Ал аркылуу жалгыз бой энелер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, турмуштун кыйынчылыгына кабылган адамдар убактылуу жашап турууга мүмкүнчүлүк алышмак. Бирок үйлөр тааныш-билиштик менен берилип кеткен.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Джайлообай Нышанов билдирди.
“Кайрымдуулук фонд тарабынан салынган үйлөрдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөр же жалгыз бой энелер эмес, баягы эле акчалуу үй-бүлөлөр, чиновниктердин туугандары жашаган фактылар бар экен. Ушул боюнча протоколдук тапшырма берип, маалымат алып берүүңүздү суранам”, – деди депутат президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып.
