
Ош: жүк ташуучу унааларга жана атайын техникаларга жол боюна токтотууга тыюу салынат
Күн мурун Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ош-Ноокат унаа жолунун ДЭУ тилкесине барып, ал жердеги абал менен таанышып чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Калаа башчысы тиешелүү кызматтарга жол жээгинде токтоп турган оор жүк ташуучу унааларды токтотууга тыюу салуу боюнча тийиштүү тапшырмаларын берди.
«Бул унаалардын баары шаардын көркүн бузуп, шаардыктарга ыңгайсыздыктарды жаратууда. Жеке адамдар тарабынан жолдун каалаган жерине токтотулган чоң техникалар, унаа тыгынын жаратып жатат. Тиешелүү унаа токтотуучу жайларга токтотушсун же үйлөрүнө алып кетишсин. Эртең саат 18:00гө чейин жолдорду бул техникалардан тазалоо керек», - деди мэр.