Шалба – Липенко – Жон Булак унаа жолу асфальтталууда
22 август

Шалба – Липенко – Жон Булак унаа жолу асфальтталууда

2025-жылдын титулдук тизмесинин негизинде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Шалба – Липенко – Жон Булак унаа жолунун 4,7 чакырым аралыгында асфальттоо иштери башталды. Бул иштер “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №35 жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Учурда жолдун негизи даярдалып, асфальт төшөө жумуштары кызуу жүрүүдө.

Жолдун жаңыланышы аймактын тургундары жана каттоочулар үчүн чоң мааниге ээ. Ал эми жаңыланган жол күнүмдүк каттоолорду жеңилдетип, коопсуздукту камсыздап гана тим болбостон, туристтик агымдын өсүшүнө өбөлгө болуп, Жети-Өгүз районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө оң таасир этмекчи.

“Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы белгилегендей, бардык курулуш иштеринин жүрүшү бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, сапатка жана техникалык талаптарга толук жооп берген учурда гана пайдаланууга кабыл алынат.