
Ошто турак үй өрттөндү
Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү турак жайлардын биринен өрт чыккан.
ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кырсык 13-июнда катталган. Жалынды өчүрүүгө бир бөлүм тартылган.
Өрт саат 19:19да чектөөгө алынып, 20:23тө толугу менен өчүрүлгөн.
Жабыркагандар жок.
"Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринин натыйжасында коңшу жайгашкан үч үй аман калган", - деп айтылат маалыматта.
Өрттүн себеби электр зымдарындагы кыска туташуу болгон. Жалпы 65 чарчы метр аянт күйгөн.