Кытайдагы суу ташкыны. Каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 август

Кытайдагы суу ташкыны. Каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Кытайда суу ташкындан каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. 

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 26-августунда Кытайдын Тибет автономиялуу районунун Шигадзе шаарына караштуу Цзилун уездинде сел жүрүп, табигый кырсык катталган.

Кытай тараптын алдын ала маалыматы боюнча, 2026-жылдын 27-августунда саат 10:30га карата табигый кырсыктын кесепетинен үч адам каза болуп, 558 адам дайынсыз жоголгон, эки адам куткарылган.

Учурда кырсык болгон аймакта издөө-куткаруу иштери улантылып, каза болгондордун, жабыркагандардын жана дайынсыз жоголгондордун саны такталууда.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, каза болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы элчилиги кырдаалга туруктуу негизде көз салып, КЭРдин тиешелүү мамлекеттик органдары менен байланышта болууда жана КРнын жарандары боюнча маалыматтарды тактоо иштерин улантууда.

Суроолор жаралган же консулдук жардамга муктаждык болгон учурда КРнын жарандары төмөнкү ыкчам байланыш телефондоруна кайрыла алышат:

КРнын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти:
+996 999 312 002

КРнын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги:
+86 130 0190 4346