Экстремизмге каршы күрөш: Ысык-Көл облусундагы иш-чаралар жана «Йакын-Инкар» уюмунан баш тарткан жарандар
Туп РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн түшүндүрүү жана профилактикалык иштеринин жыйынтыгында, Түп районун тургундары «Йакын-Инкар» диний экстремисттик уюмунан баш тартышты.
Аталган жарандар, уюмдун радикалдык таасирлеринен арылуу чечимин кабыл алып, өлкөнүн мыйзамдарын сыйлап баш ийген. Бул кадам жарандардын экстремизмге каршы туруу жана коомго кайтып келүү жолундагы маанилуу кадам болуп саналат.
Экстремисттик жана террористтик уюмдардын таасирине түшүп калган жарандарды кайрадан коомго тартуу жана алардын диний, социалдык сабатсыздыгын жоюу – негизги максат болуп саналат.
Бул иш-чаралар облустун ар бир айыл аймагында улантылып, экстремизмге каршы күрөшүү, жарандардын укуктарын сактоо жана диний экстремизмден арылтууга багытталган профилактикалык иштерди кеңейтүү максаты менен жүргүзүлөт.
