Ысык-Көл облусу күз-кыш мезгилине 77% даяр
2025-жылдын 19-20-август күндөрү Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусуна иш сапар менен барып, 7 Райондук электр тармактарынын алдыдагы 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгын, пландын аткарылышын жана керектүү жабдуулар менен камсыз болушун жеринен текшерди.
Министрдин сапарынын алкагында энергетика тармагындагы ири иштер жана элге үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү багытында жасалган аракеттер өзгөчө белгиленди. Ысык-Көл электр тармактары ишканасынын башкы инженери Кубат Асанакуновдун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө облус күз-кыш мезгилине 77% даяр.
Анын айтымында, быйыл жыл башынан бери 27500 ашык заманбап АСКУЭ акылдуу эсептегичтери орнотулуп жоготуулар азайууда, былтыркы жылда АСКУЭ акылдуу эсептегичтери орнотулган Каракол, Тюп райондорунун жоготуусу 1,7 пайызга азайып, натыйжасын берүүдө, 851 эскирген жыгач мамы темир-бетон мамыларга алмаштырылды, 17 жаңы көмөк чордон орнотулуп, 175 көмөк чордон капиталдык оңдоодон, 895 техникалык тейлөөдөн өттү.
Ошондой эле 17,5 чакырым узундуктагы заманбап СИП зымдары тартылып, электр энергиясынын жоготуулары азайтылды.
Мындан тышкары министр ар бир РЭТтин абалы менен жеринен таанышып, кызматкерлер тарабынан айтылган сунуштарга, пикирлерге көңүл бөлүп, тиешелүү тапшырмаларды берди.
1-Алгач Тоң РЭТинин ишмердүүлүгү менен таанышып, РЭТтин жетекчилигине кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүүнү, Дүйнөлүк банк тарабынан берилген жаны трансформаторлорду орнотууну тездетүү жана диспетчердик бөлүмдүн имаратын заманбап деңгээлде кайра курууну тапшырды. Жетишпей жаткан атайын техникасын жыл аягына чейин берилээрин убадалады.
2-Аны менен катар Жети-Өгүз РЭТинин 2025-жылга коюлган планына ылайык аткарылган иштерин текшерип, эски техникаларды жаңылоону, электр жоготууларын кыскартууну, ошону менен бирге Кара-Сай сырт зонасында жайгашкан 110/ 10кВ көмөк чордонун 110/35/10кВ которуу жана андагы кубаттуулугу 2,5 МВА күч трансформаторун 16МВА күч трансформаторуна алмаштырыш керектигин айтты.
6-7-Иш сапардын соңунда министр Балыкчы жана Чолпон-Ата РЭТинин күз-кыш мезгилине даярдыгы, пландын алкагында аткарылган иштери тууралуу маалымат алды. Учурда Чолпон-Ата РЭТинин жаңы курулуп жаткан имаратынын курулуш иштерине күбө болду. Ал Эми Балыкчы РЭТинин административдик имаратын жаңылоону, темир бетон чыгаруучу цехти кеңейтүүнү, ал жерге технолог алууну жана электрэпкер, слесар кызматкерлеринин айлык маяналарын жогорулатуу боюнча маселени карап чыгууну тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди.
Министр калкты үзгүлтүксүз жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу – ар бир энергетиктин ыйык милдети экенин белгилеп, ишкана жетекчилигине алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярданууну, тармакты өнүктүрүүгө багытталган ар бир долбоордун ишке ашырылышын көзөмөлгө алууну, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууда энергетикетрдин жоопкерчилиги жогору болушу керектигин эскертти.
Ошондой эле Кара-Сай сырт зонасында 35/10 кВ “Цемент-Там” көмөк чордонун куруп, ал жерге кубаттуулугу жогорулатылган “Кара-Сай” 110/35/10 көмөк чордонунан 38 чакырым 35кВ аба чубалгысын куруп, ал эми жаңы курулуучу “Цемент-Там” көмөк чордонунан “Бедел” өткөрүү пунктуна 20 чакырым 10кВ аба чубалгысын курууну жана Кара-Сай сырт зонасына РЭТтин бөлүмүн ачууну “КУЭТ” ААКнын жетекчилигине тапшырды. Ошону менен бирге эң чоң маселелердин бири Тамгадан Караколго чейин 220кВ аба чубалгы жана 220кВ көмөк чордондун курулушун баштап, андагы аба чубалгыны 110/35/10 кВ “Пржевальск” көмөк чордонуна кошуу керектигин айтып өттү. Мындан тышкары айыл өкмөт, бала бакча, оорукана сыяктуу бюджеттик мекемелердин балансындагы трансформаторлорду РЭТтин балансына өткөрүүнү баса белгиледи.
3-Каракол РЭТине болгон сапарынын алкагында министр мурунку сатуу бөлүмү учурда кампа катары колдонулуп келген эски имаратты алып, ордуна жаңы имарат курууну, күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүүнү жана бригадалык автоунаалар үчүн кошумча штат караштырууну тапшырды. Ошондой эле министр бул РЭТке жетишсиз атайын техниканы камсыздоону убада кылды. Жыл аягына чейин АСКУЭ акылдуу эсептегичтерди 100 % орнотуп, жоготууларды кескин түрдө азайтуу керектигин билдирди.
4-Ал эми Ак-Суу РЭТинин административдик имараты менен таанышып, эскирген имаратты капиталдык оңдоонун планына киргизүүнү, материалдар кампасы үчүн үч бокс курууну, ошондой эле кызматтык унаалар үчүн чатырды жана кампа куруу үчүн сунуш берүүнү тапшырды. Бүгүнкү күндө эң чоң долбоор Ала-Тоо резорт тоо лыжа комплекси экенин белгилеп, ал жерге эки 110/35/10 кВ көмөк чордон куруп, 35кВ Пржевальск-Жыргалан сол жана оң тизмегин(цепь) 110кВ которууну жана 35/10кВ “Теплоключенко”, “Нововознесеновка”, “Бошарино” көмөк чордондорун 110/35/10кВ га которуу үчүн реконструкциялоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
5-Иш сапарын улай министр Түп райондук электр тармактарынын имаратынын капиталдык ремонттон кийинки абалы менен таанышып, кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой Каркыра аймагына жаңы көмөк чордон куруу жана Ой-Тал айылына РЭТтин бөлүмүн ачуу маселелерин тийиштүү жетекчиге тапшырды.
