Кыргызстанда калктын саны өстү
22 август

Кыргызстанда калктын саны өстү

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь-март айларында Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 26,4 миң адамга же 0,4 пайызга көбөйүп, 2025-жылдын 1-апрелине карата 7 млн 308 миң адамды түздү.

КР президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь-март айларында АХАЖ органдарында 31,8 миң ымыркай төрөлүп катталды, бул 1000 адамга 17,7ден туура келет. Ошол эле мезгилде 8,4 миң адам каза болуп, бул 1000 адамга 4,7 учурду түздү. Натыйжада, калктын табигый өсүшү 23,4 миң адамды же 1000 адамга 13,0 учурду түздү.

Каза болгондордун себептеринин ичинен кан айлануу системасынын ооруларына 54 пайызы туура келсе, шишик ооруларына – 13 пайызы, дем алуу органдарынын ооруларына – 8 пайызы, тышкы себептерден каза болгондор – 6 пайызды түздү.

Бир жашка чейинки наристелер арасындагы өлүмдүн негизги себептери – перинаталдык мезгилде пайда болгон оор абалдар. 2025-жылдын январь-март айларында ушул себептен улам 265 наристе көз жумуп, бул бир жашка чейинки жалпы ымыркайлардын өлүмүнүн 64 пайызын түздү. Тубаса кемтиктерден – 64 наристе (15 пайыз), дем алуу органдарынын ооруларынан – 43 наристе (10 пайыз) каза болду.