Россияда үч кыргызстандыкка эмгек акы боюнча карызы төлөндү
Сүрөт ачык булактардан алынды
4 август

Россияда үч кыргызстандыкка эмгек акы боюнча карызы төлөндү

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү эмгек акысынын төлөнбөй жаткандыгы боюнча түшкөн кайрылуулардын негизинде тиешелүү иштерди жүргүздү.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында «НСМТ» ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын үч жаранынын эмгек акы боюнча топтолгон 568 500 рубль өлчөмүндөгү карызын толугу менен төлөп берди.

Өкүлчүлүк чет өлкөлөрдө эмгектенип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек укуктарын коргоо жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча иштерди мындан ары да улантарын белгилейт.