КР ИИМде кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди
Бүгүн, 15-майда кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнүнө карата Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында эскерүү иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чарага Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Сеитов, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев ошондой эле башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын, кызматтардын башчылары жана өздүк курамы, курман болгон кызматкерлердин туугандары жана жакындары катышты.
Эскерүү эстеликке гүл чамбарларды коюу менен башталып, курман болгондорго атап куран окутуу менен улантылды.
Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жакындарына материалдык жардам көрсөтүлдү.
Бүгүн кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүүгө арналган иш-чаралар жер-жерлердеги ИИОнун имараттарында алардын туугандарынын катышуусунда өтүп, мемориалдарга гүл чамбарлар коюлууда. Милиция кызматкерлери эрдиктин жана кайраттуулуктун үлгүсү болгон кызматкерлердин жаркын элестерин ар дайым эскеришип, алардын эрдиктерин келечек муунга жеткирип келишет.
