Кадамжайда айыл өкмөттүн өкүлү пара менен кармалды 
7 октябрь

Кадамжайда айыл өкмөттүн өкүлү пара менен кармалды 

Ушул жылдын 6-октябрында Кадамжай районунун Молдо-Нияз айыл аймагынын өкүлү 40 жаштагы Т.С., кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты. 

Шектүү 20 гектар жер тилкесин мыйзамдаштырып берүү үчүн ошол айылдын тургунунан 50 миң сом пара талап кылган.

Иш-чара Кадамжай РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлүп, шектүү жеринде кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин (Пара алуу) негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө иштери уланууда.