Балыкчыда Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты пайдаланууга берилди
7 октябрь

Балыкчыда Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Балыкчы шаарында Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты пайдаланууга берилди, деп билдирет Курулуш министрлигинин маалымат кызматы.

Иш-чарага курулуш министри Нурдан Орунтаев катышты. 

Министр өз сөзүндө курулуш архитектурадан башталаарын жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн чоң долбоорлор иштелип чыга турган имараттарда бардык шарттар болушу керектигин белгиледи.

Жаңы, заманбап стандарттарга ылайык курулган имарат кызматкерлердин жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүүсүнө мүмкүнчүлүк түздү.

Бул имараттар мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички каражаттарынын эсебинен курулууда. Учурда республика боюнча ондон ашык жаңы имараттын курулушу жүрүп жатат.